Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сауд Арабиядагы иш сапарында "Абу-Даби" өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммед аль-Сувейди менен жолугушту. Тараптар айыл чарба жана туризм тармагындагы инвестициялык климатты талкууга алышканын өкмөттөн билдиришти.
"Бүгүнкү күндө өзүнүн капиталын өлкөнүн айыл чарба тармагына салууну каалаган инвесторлорго тоскоолдуктар жок. Бул багытта келечектүү пландар бар. Бириккен Араб Эмираттарынын туризмди өнүктүрүүдөгү бай тажрыйбасын эске алуу менен сиздердин инвесторлорго туризмди өнүктүрүүгө каражат салууну сунуштайм. Бул тармакта да жагымдуу шарттар түзүлгөн",- деди Сарпашев.