Бүгүн, 17-январда ЖКнын жыйынында депутат Мирлан Бакиров этникалык кыргыздарга көңүл бурулбай жатканын айтты. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстандан келген 385 кыргыз үй-бүлөдөгү 1188 жаран жарандык алууну күтүп жатышат. Ошондой эле 2012-жылы июнь айында Тажикстандагы этникалык кыргыздардын атынан келген атайын өкүлгө кыргыз бийлиги тарабынан гуманитардык жардам бериле турганы айтылып, бирок ал иш аткарыла экектигин эскертти Бакиров.