Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, АКОС коомдук бирикмесинин К.К. аттуу өкүлү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн Н.А. аттуу кызматкери менен биргеликте Ош шаарындагы окуу жайларынын биринде бөлүм башчы болуп эмгектенген жаранды ага карата кылмыш ишин козгоо менен опузалап 1500 АКШ долларын талап кылган.
Аталган факт боюнча “кызмат милдеттеринен аша чабуу” жана “опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.