"Кыргызстанда эски бийликтен калган көп көйгөй бар" деди Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 24-июнда Страсбург шаарында өткөн ЕКПАнын Миграция, качкындар жана көчүрүлгөн жактар комитетинин жыйынында сөз сүйлөдү. Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана жакырчылыкты азайтуу боюнча жасалып жаткан иштерди атады.

"Акыркы төрт жылда өлкөнү өнүктүрүүдөгү айрым оң натыйжаларга карабастан, Кыргызстанда мурдагы авторитардык, коррупциялашкан, үй-бүлөлүк-кландык бийликтен калган көптөгөн көйгөйлөр чечилбей турат. Аларды чечүүдө эксперттер жана жарандык коомдун пикирин эске алуу менен аракет кылып жатабыз. Биздин коомчулукта улуттук биримдикти бекемдөө көптөн бери өтө аялуу маселелердин бири болуп келген",- деди төрага. 

Спикер этникалык топтор арасындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өлкөдө элдин биримдигин жана этникалык мамилелерди бекемдөө концепциясы кабыл алынганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан