Маалыматка ылайык, Ырыс айыл округунун тургундары Р.Турсункулов, М.Юлдашев, Сузак айыл округунун тургуну Х.Саражидинов, Кургак-Көл айылынын тургуну А.Абдурахимов жана Базар-Коргон айылынын тургуну Б.Давроновдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада экстремисттик багыттагы 42 даана китеп, 112 даана ар кандай түрдөгү (СD, DVD) компакт-дисктер, 12 даана флеш-карта, 3 даана компьютердин блок системи, 6 даана дептер, 7 даана телефон, 18 даана баракча, 2 даана журнал, 3 даана видео-кассета, 3 даана аудио-кассета, ошондой эле Р.Турсункуловдун үйүнөн 12-калибрдеги ИЖ-58 №Н 7227 беш ок баткан курал 10 огу менен алынды.
Азыркы убакта бул алынган далил буюмдар Ош шаарындагы теологиялык экспертизага жиберилип, кармалган жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.