Кыргызстанда 2020-жылга чейин калктын ден соолугун бекемдөө жана сактоо стратегиясы жактырылды

Кыргызстанда 2020-жылга чейин калктын ден соолугун бекемдөө жана сактоо стратегиясы жактырылды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын 25-июнда берген маалыматына ылайык, тийиштүү токтомго Жоомарт Оторбаев кол койду.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, калктын ден соолугунун 10-15 пайызы саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан көз каранды болсо, 15-20 пайызынын ден соолугуна генетикалык факторлор жана 20-25 пайызына айлана-чөйрө, жаратылыш-климаттар таасирин тийгизип турат. 
КРнын 2020-жылга чейин калктын ден соолугун бекемдөө жана сактоо стратегиясынын максаты ар түрдүү оорулардын алдын алуу үчүн социалдык-экономикалык жактан шарттарды түзүү, туруктуу саламаттыкты сактоо системин түзүү менен медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу, ошондой эле кол жетерлик деңгээлге жеткирүү болуп саналат.
Мындан сырткары стратегияда аялдар менен эркектердин ооруга чалдыгышындагы теңсиздикти жоюу, балдардын жана жаңы төрөгөн энелердин өлүмүн азайтуу, айыл жергесиндеги шарттарды жакшыртуу жагы каралган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан