Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында кайрылмандарга бөлүнчү квотаны алып салуу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору каралууда. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, кайрылмандардын Кыргызстанга кайтып келүү квотасын алып салуу үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип жатат. Тактап айтканда, Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга да алардын бул жерде жашаган туугандарынын ишеним катынын негизинде кайрылман макамын берүү, алардын тийиштүү документтерисиз эле ишке орношуусуна шарт түзүү да сунушун киргизүүдө. "Алар бизди караан тутуп келсе, бизде тоскоолдуктар көп болуп жатат. Аларга жеңилдик беришибиз керек",- дейт министр.