Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Алмазбек Атамбаев “КРнын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  жарлыкка кол койду. 

Толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн башкаруу системин андан ары реформалоо максатында киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу 25-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан