Жалал-Абадда «Хизбут-Тахрир» уюмуна тиешелүү идеяларды тараткандар көбөйүп жатканы айтылды

Жалал-Абадда акыркы мезгилде «Хизбут-Тахрир» уюмуна тиешелүү идеяларды тараткандар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдары тарабынан 2014-жылдын 6 айында 46 кылмыш иши катталып, 35ине кылмыш иши козголду. "Азыркы кезде облуста «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдардын көз караштарын колдогон 523 адам каттоодо турат, мунун ичинен 472 жаран - эркектер, 51 жаран - аялдар.

Мындан сырткары облус боюнча 648 мечит бар. Алардын ичинен 469 мечит бүгүнкү күндө каттоодон өткөн, ал эми 162 мечит каттоодон өтө элек. 187 намазкана, 7 диний билим берип жаткан каттоодон өткөн медресе жана «Амир Хамза» ислам институту бар" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан