Бүгүн, 25-июнда Алмазбек Атамбаев КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү диний кырдаал, анын ичинде диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселелер талкууланды.
Орозбек Молдалиев президент Алмазбек Атамбаевге ажылыкка квоталарды бөлүштүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия менен бирдикте Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан колдонулуп жаткан жаңы ыкмалар тууралуу айтып берди. Жаңы ыкмалар коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.