Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 25-июнда "Микрокаржылоо: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана чечимдер" деген эл аралык конференцияга катышты. Өкмөт башчы микрокаржылоо тармактарысыз экономиканын өсүшүн көрсөтүү кыйын экенин белгиледи. "Микрокаржылоо тармагы - өлкө экономикасынын кан айлануу системи. 90-жылдары жаңыдан жолго түшкөн бул тармак бүгүнкү күндө ырааттуу өнүгүүдө. Эл аралык каржы уюмдары, донордук уюмдар жакырчылык менен күрөшүүнүн эффективдүү ыкмасы калктын каржыга жетишине жол ачуу экенин тез таанышты",- деди өкмөт башчы.