Саймалуу-Таш аймагындагы баалуу таштар азайып жатканы айтылды

Кыргызстандын туристтик жайларынын бири Саймалуу-Таш аймагындагы баалуу таштардын саны азайып кеткени айтылууда. Муну бүгүн, 25-июнда “Парламент” радиосундагы маегинде депутат Карганбек Самаков билдирди. Айтымында, мурда аталган аймакта петроглифти камтыган 5000дей таш болсо, бүгүнкү күндө бул сан кыйла азайып кеткенин эксперттер айтышууда.

“Мен жакында аталган аймакка барып, абалды өз көзүм менен көрүп келейин деп жатам. Анан да тарыхый эстеликтерди коргой турган Маданият министрлигинин алдында атайын институттар бар. Алардын ишин да иликтейм”,- деди депутат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан