“Кара жорго” бийи Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы мүмкүн

Учурда популярдуу болуп жаткан “Кара жорго” бийи Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы мүмкүн. Муну бүгүн, 25-июнда депутат Карганбек Самаков билдирип, бул иш планда бар экенин айтты. “Бул бийден сырткары боз үйдү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине каттатууну пландап жатабыз”,- деди Самаков.

Самаков ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Сулайман тоодо тийиштүү талап аткарылбай жатканын кошумчалады. “Сулайман тоонун тегерегиндеги махалланы жоготуп, бийик имараттарды куруу зарыл. Дубай, Катардай болуп Ош шаары бийигине карай өсүшү керек. Сулайман тоо бийик имараттардын жанында кооз көрүнүшү шарт”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан