Эльвира Сариева: "Тендердик процесс начар уюштурулуп жаткандыктан, мектеп рационуна кетчү каражаттын үчтөн бир бөлүгүнөн кол жууп жатабыз"

Бүгүн, 25-июнда вице-премьер-министр Эльвира Сариева "Мектептеги тамактандыруу" программасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык эмгек комиссиясына жыйын өткөрдү.

Комиссия мүчөлөрүнө кайрылып жатып 1-4-класстын окуучуларын сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо эң маанилүү экенин баса белгилеп өттү.

“Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустарындагы 60 пилоттук мектептин тамак-ашына баа берүү үчүн анализ жүргүзүлгөн. Анализде тамактандыруунун мүнөзү, тендердин жүргүзүлүшү, жеке чарбачылык жана мектептин инфраструктурасына баа берилген. Азыр 12 пайыз мектепте гана ысык тамактандыруу киргизилген, азык-түлүктү сатып алуунун натыйжалуулугу 53 пайыз, башкача айтканда, тендердик процесс начар уюштурулуп жатканынан улам мектеп рационуна кетчү каражаттын үчтөн бир бөлүгүнөн кол жууп жатабыз. Бул каражат балдардын сапаттуу тамактануусуна жумшалышы керек болчу”,- деп белгиледи Эльвира Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан