Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мектепке чейинки билим берүү долбоорун ишке ашыруу багытында эл аралык каржы уюмдарынан 12,7 миллион доллар гранттык каражат бөлүнүп жатат. Ал каражатка өлкө аймагындагы мугалимдер 480 сааттык атайын даярдыктан өткөрүлүү менен, 4 жаштан 6 жашка чейинки 100 миң бала мектепке даярдалат.
Баяндамачы долбоордун кеңешчилери үчүн алынган каражаттын 2,6 пайызы же 300 миң доллары бөлүнүп, ага чет өлкөлүк адистер эмес, жергиликтүү жарандар тартыла турганын айтты.