Ош шаарындагы Улуттук драма театрында бүгүн, 25-июнда Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин курууга каражат чогултуу максатында марафон өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага вице-мэр Ильичбек Эргешов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Гүлмира Садыкова жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, бир катар бөлүм башчылар катышты.
Анда Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов чыгып сөз сүйлөдү. «Биз өлкөбүздүн маданиятын көтөрүүдө улуу инсандардын эмгегин бийик деңгээлде баалашыбыз керек. Сүймөнкул Чокморов дүйнөлүк масштабдагы улуу инсан. Андыктан кыргыздын тарыхын кийинки муунга жеткирүү - баарыбыздын милдетибиз»,- деди ал.
Ал эми Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдырахмановдун айтымында, эстелик Бишкек шаарындагы Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулуп, анын бийиктиги 5 метрди түзөт. Эстеликти куруу үчүн жалпысынан 20 миллион сом өлчөмүндөгү каражат керек. Ал эми учурда ага 5 миллион сомдон ашык каражат чогулган. Келерки марафон Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.