Ош-Бишкек жолунда автокырсык катталып, 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ош-Бишкек жолунун 165-чакырымында Хонда Фит жана Субару Форестер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын айынан 8 адам жабыркаган. Учурда кырсыктан жараат алгандар Жайыл райондук ооруканасында экени белгилүү болду. Иликтөө иштери жүрүүдө.