Бүгүн, 17-январда ЖКнын жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов КРнын Акыйкатчысын тез арада шайлоо зарылчылыгын белгиледи. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, акыйкатчынын мөөнөтүнүн аякташына 30 күн калганда жаңы акыйкатчы шайлануусу керек. Бул пикирди кубаттаган Ташполот Балтабаев “бул татаал маселе эмес, келгиле, жашыруун добуш берүү менен шайлап коёлу, жарым саат гана убакыт кетет” деди. Бирок талапкерлер өздөрүнүн жоктугуна байланыштуу бул маселени төрага Асылбек Жээнбеков убактылуу жылдырды.