Ош шаарында кездеме токуучу ишкананын аймагынан 2 граната табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарындагы №5-тергөө изоляторунун кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында Ош шаарында жайгашкан пахтадан кездеме токуучу ишкананын аймагында бекитилип коюлган, номерлери атайылап өчүрүлгөн РГД-5 үлгүсүндөгү эки даана кол гранатасы табылган.
Иш-аракеттердин натыйжасында бул кол гранатаны бекиткен адам кармалды. Ага карата жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Учурда жарылуучу заттардын кайдан келгендиги иликтенүүдө.