Чүй. Москва районунун тургуну 16 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаганын мойнуна алды

Москва районунун тургуну 16 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаганын мойнуна алды. Мындай маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 25-июнда билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын тургуну Москва райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, чала тааныш болгон адам Сретенко айылынан үйлөрдүн бирине алдап киргизип, күч колдонуп зордуктап салгандыгын кабарлап, аны зордуктаган адамдын өң-келбетин сүрөттөп берген.

Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары аталган айылдын 1985-жылы туулган тургуну кармалып, кылмышты толугу менен мойнуна алган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан