Депутат Ыргал Кадыралиева Ошто өлтүрүлгөн милиция кызматкери Толкунбек Шоноевдин өлүмүн изилдөөнү Жогорку Кеңеш көзөмөлгө алыш керектигин айтты

"Ош шаарында өлтүрүлгөн милиция кызматкери Толкунбек Шоноевдин өлүмүн изилдөөнү Жогорку Кеңеш өз көзөмүлүнө алуу керек",- деди депутат Ыргал Кадыралиева ЖКнын 17-январдагы жыйынында. Анын айтымында, бул окуяны изилдөө ишин ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети жана Соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети көзөмөлгө алуусу зарыл. Бул кылмышты изилдөөнү бир катар жогорку бийликтин өкүлдөрү көзөмөлдөп турганын вице-спикер Асия Сасыкбаева кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан