Базар-Коргон районунда мыйзамсыз жер тилкесин берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Базар-Коргон районунда мыйзамсыз жер тилкесин берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын ноябрь айында аталган райондун Кеңеш айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.Б. жана Райондук архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары мыйзамды бузуу менен айыл тургунуна 0,20 гектар жер тилкесин берип коюшкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан