Оксфорд университетинин окумуштуулары көздүн көрүүсүн калыбына келтирүүчү көз айнек ойлоп табышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул көз айнектерде 3D камера орнотулган. Камера тарткан сүрөттөр айнекке чагылганда, адамдар менен буюмдар ак-кара түстө даана көрүнүп калат. Окумуштуулар жаңы табылгасын сыноо максатында аны бала кезинен бери азиз болгон 70 жаштагы Лин Оливер деген айымга тагышкан. Жыйынтыгында айым аз да болсо көрүү сезимине ээ болгон.