18-январда Бишкекте Ленинградды коргоодо курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтөт

Бишкекте 18-январда "Жеңиш" сейил багында 1943-жылдагы Ленинградды коргоодо курман болгондорду эскерүү урматына гүл коюлат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чарага Кыргызстандын Коргоо уюмунун жетекчиси Анна Кутанова, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жана шаардын мэри Иса Өмүркулов катышат. Маалыматка караганда, мындан 70 жыл мурда Ленинградды коргоо үчүн курман болгондордун саны дайынсыз жоголгондорду кошпогондо 4207 адам. Ал эми учурда Кыргызстанда алардын 39у гана бар. Алардын урматына эртең салют аттырылып, Улуттук Гвардиянын аскерлери жана иш-чаранын катышуучулары саат 10:00дө 1 мүнөттүк эскерүү жасашат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан