Жогорку Кеңеш Кыргызстан аймагында археологиялык иштерге байланышкан мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-июнда өлкөдөгү археологиялык иш процессин ыраатташтыруу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунда Кыргызстан аймагындагы тарыхый жана маданий баалуулукка ээ болгон жайларды коргоонун жана аларды пайдалануунун укуктук ченемдери камтылган. Ар кандай археологиялык иликтөө иштери атайын уруксат берилген жерлерде гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Ар кандай курулуштарды кура турган уюмдар алгач ал жерде тарыхый жана маданий жайлардын бар-жок экенин аныктай турган археологиялык илитөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирилип жатат. 

Андан сырткары археологиялык казуу, тарыхый жана маданий эстеликтерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жоболорун өкмөткө тапшыруу сунушу киргизилүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан