Сузак районунда чагылган түшүп, 5 музоо, 20 кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Кара-Кыр жайлоосунда 24-июндан 25-июнга караган түнү чагылган түшкөн. Анын кесепетинен 5 баш музоо, 20 баш кой өлгөн. Алдын ала алынган маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келген эмес.