Эртең, 26-июнда Бишкектеги №6-шаардык клиникалык ооруканасында 19 миллион долларлык гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жардамды америкалык коом АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Үмүт операциясы” программасынын алкагында тапшырат. Көрсөтүлчү жардам дары-дармектерден жана медициналык шаймандардан турат.
Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана гуманитардык жардам алчу медицина мекемелеринин өкүлдөрү катышат.
Гуманитардык жардам Бишкек шаарынын, Чүй, Ош жана Баткен облусунан 16 медициналык мекемеге, ошондой эле 3 социалдык мекемеге берилет.
Бул жардамдан 35 миңден ашуун бейтап медициналык гуманитардык жардам алат. Алардын ичинен онкологиялык оору менен жапа чеккен 7 миңден ашуун бейтап заманбап дары-дармектер менен бекер дарыланат.