Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов: “Тазалык” ишканасынын 163 миллион сомго барабар карызы бар”

“Тазалык” ишканасынын 163 миллион сомго барабар карызы бар”,- деп айтты бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов.

Анын айтымында, күндөн-күнгө “Тазалыктын” карызы өсүүдө. “Аталган ишкананын эсептерине арест салынууда. Акыркы 2 айдын ичинде болуп жаткан митингдердин себеби “Тазалыктын” кызматкерлерине айлыктын берилбегендиги болгон. Албетте, мындай баш аламандыктан айрым адамдар пайда табууда. Бул көйгөйдү чечиш үчүн мэрия иштерди жүргүзүп жатат”,- деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан