Башкы прокуратурада юридикалык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Бүгүн, 25-июнда Кыргызстандын Башкы прокуратурасында юридикалык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Болочоктогу укук коргоочуларга башкы прокурордун орун басары Темир Бекмамат уулу жана прокуратуранын ветеран органынын төрагасы А.Султангазиев бул кызматтын өзгөчөлүгү, прокурор кызматкерине болгон талаптары тууралуу айтып беришти. Иш-чаранын катышуучуларына прокуратуранын тарыхы тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, иш бөлмөлөрүнө экскурсия уюштурулду.

Андан соң бүтүрүүчүлөр башкы прокурор Аида Салянова менен жолугушту. Бул жолугушууда ал бүтүрүүчүлөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп берди. Алар прокуратурада кызмат өтөө боюнча гана эмес, коррупция менен күрөшүү, резонанс жараткан кылмыш иштеринин иликтөөдөгү жыйынтыктары тууралуу суроолорду беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан