Жогорку Кеӊеш Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылат

Жогорку Кеңеш депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сот менен Башкы прокуратурага өтүнүч кат жолдойт. Муну бүгүн, 25-июнда депутат Дастан Жумабеков билдирди. Тийиштүү токтомдун долбоору бүгүн парламент жыйынында кабыл алынды. "Ден соолугуна байланыштуу Келдибековду үй камагына чыгаруу өтүнүчү жолдонот. Анын ден соолугу боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгы бар",- дейт депутат. 

А.Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Анын бутуна 4 жолу операция жасалган, айрым кесиптештери Келдибековдун чет өлкөдөн дарыланууга муктаж экенин айтышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан