15-январь күнү саат 08:05 чамасында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында өрт кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Тилсиз жоо жергиликтүү жашоочу Ж.Капаковдун үйүндөгү буюм-тайым сактаган кампасында болгон. Айылдагы Г.Семенистов аттуу үй-жайсыз жаран ошол өрт чыккан кампада үй ээсинин макулдугу менен жашап жүргөн. Кампа толугу менен күйүп, ал жерден Семенистовдун жансыз денеси табылган. Кырсыктын келип чыгышына чылым чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгону айтылууда.