Футбол боюнча өлкө биринчилигинде “Дордой” конокто “Нефтичинин” дарбазасына 6 гол киргизди

Бразилиядагы футболдун чоң таасириби же командалардын оюнунда тиешелүү өсүш барбы, айтор, футбол боюнча өлкө биринчилиги - ТОП-Лигада ири эсеп менен аяктаган оюндар көп болууда. Кечээ, 25-июнда бишкектик “Дордой” конокто кочкор-аталык “Нефтичинин” дарбазасына 6 гол киргизип, лидерлик саптагы ордун бекемдеди. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, бул “Дордойдун” ТОП-Лиганын алкагында өткөргөн 13-оюну. 13 оюнда өткөн жылдын вице-чемпиондору 34 упай топтоп, лидерликте келе жатат. Ал эми “Нефтичи” 11 оюнда 6 гана упай топтой алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
forvard
2014-06-26 11:58:19
Алдиер Куршаб алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан