Чүй облусунда судья пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Чүй облусунда судья жана анын жардамчысы, прокурордун жардамчысы пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 25-июнь күнү Башкы прокуратуранын жана ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун судьясы С.А., судьянын жардамчысы М.Р. жана Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы Ч.Б. “пара талап кылган” деген шек менен кармалышты. Аталган жарандар Чүй облусунун тургунунан жакын тууганына козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 15 миң сом талап кылышкан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан