25-июнда калаадагы унаа тыгындарын жоюу үчүн жаш тескөөчүлөр жолго чыгышты. Алар айдоочуларды тартипке чакырып, туура эмес жайга токтогондорго эскертүү беришти. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ош шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаш тескөөчүлөргө мындай мүмкүнчүлүктү Шаардык жол-кайгуул кызматы берген. Анда эрежени одоно бузган айдоочулардын айдоочулук күбөлүгүн алган соң, андан ары жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери протокол түзүп, чара көрүштү.