Аламүдүн районунда дагы бир адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 25-июнь күнү саат 14:05 чамасында Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган Николай Немцов аттуу жаран мас абалында Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине куткаруучулар тартылган, бирок натыйжа болгон эмес.