Бишкек жана Каракол шаарында экология жана туризм маселелери боюнча жаштардын форуму өткөрүлөт

26-29-июнда Бишкек жана Каракол шаарында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жаш интеллектуалдардын 3-форумун өткөрөт. Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн Туризм жылына арналып, «КМШ өлкөлөрүнүн жаштары: экологиялык маданият жана туризм, жаратылышты коргоо, инновация» аталышында болот. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Форумдун максаты - коңшу кызматташтык мамлекеттердин жаштарынын экологиялык кыймылын жана маданиятын өнүктүрүү, экология жана туризм маселелерин алып чыгуу, жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтуу, жаратылыш байлыктарын жана тарыхый маданий мурастарды коргоо.

Иш-чарага 20-35 жашка чейинки КМШ өлкөлөрүнүн жаштар коомунун лидерлери, экология жана туризм жаатындагы эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери жана башкалар катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан