16-январь күнү Нарын шаарынын жаштары демилгелеп чыккан "Кеп чынына келгенде" ток-шоусунун алгачкы берүүсү тартылды. Иш-чара “Тянь-Шань Продакшн” студиясында болуп өттү. Анын жүрүшүндө Нарын облусундагы маданият жана массалык маалымат каражаттарынын бүгүнкү күндөгү абалы талкууланды. Конок катары улуу муундагы маданият өкүлдөрү, жаштар жана ММК өкүлдөрү чакырылып, темага байланыштуу талаш-тартыш жараткан кызуу талкуу болуп өттү. Айта кетсек, учурда облус боюнча 128 китепкана, 97 айылдык клуб, 3 театр жана 4 музей иштейт.