"Алайдагы жолду буугандар боюнча тергөө амалдары аяктагандан кийин кылмыш иши сотко өтөт" деди Жеңиш Ашырбаев
Ош облусуна караштуу Алай районундагы Ош - Эркеч-Там унаа жолун буугандар боюнча тергөө амалдары аяктагандан кийин кылмыш иши сотко өтөт. Алайда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан жыйырма күндөн ашык тосулган жол боюнча кылмыш иши козголгон. Жолду буугандар 25-июндан тарта сурак берип башташты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, суракка күндө бир-экиден жаран келип жатат.