Жыл башынан бери өлкө аймагында 106 өзгөчө кырдаал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, катталган өзгөчө кырдаалдардын айынан 32 адам каза болгон. Ал эми материалдык чыгым 59 миллион сомдон ашкан. Ошондой эле алгачкы 5 айда республикада 1611 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 41 адам каза тапкан.