Акыркы 5 айда 24 адам сууга чөгүп каза болгон. Чүй облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 1, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Бишкек шаарында – 1. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Ошондой эле жайкы сезондун ачылышы менен 8 адам сууга чөгүп каза тапкан. Алардын төртөө өспүрүмдөр.