Экс-мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму 15-июлга жылдырылды

Экс-мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму 15-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда билдирди.

Кечээ, 25-июнда Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отурумун 15-июлга саат 10:00гө калтырды. Сот отурумунун жылышынын себеби соттолуучунун жактоочусунун алмашкандыгы жана анын жазык ишинин материалдары менен таанышууга убакыт сурагандыгына байланыштуу болгондугу айтылды. 

Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KyrgyzstanTugoiloru
2014-06-26 14:13:25
11 жыл аз, бунун кылыктарын кобуз эл билбейт, 25жылга отургузсанар строгий режимге, ошол туура болот и обязательно мулкун тартып алгыла, кансадаган миллиондорду долларлап казынадан алып кеткен деп билгн адамдар коп айтат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан