Беларустук эки жаш үйлөнүү тоюнда коноктордон гүл эмес, иттерге берилчү жем алып келүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Беларустун маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин мындай өзгөчө салтты Роман жана Ирина аттуу түгөйлөр үйлөнүү тоюнда колдонушкан. Гүл ордуна жаныбарлардын жемин суранган эки жаш жыйынтыгында 40 килограмм азык чогултуп, аны жергиликтүү жаныбарларды асыроочу жайга өткөрүп беришкен. Жаш жубайлар өтүнүчтү аткарган конокторго ыраазы болушса, жаныбарларды асыроочу жайдын администрациясы эки жашка ыраазычылык билдирип, бакыт каалашкан.