ЖКнын 17-январдагы жыйынында депутат Эгемберди Эрматов кыргыз-өзбек алакасы тууралуу пикирин айтты. Ал белгилегендей, эки эл кылымдар бою коңшу жашап, маданияты, тили, дили бир. Эл өкүлү өз учурунда Өзбекстандын чыгармачыл инсандарын эки элдин ынтымагын бекемдөө үчүн кыргыз өлкөсү менен кызматташ болууга үндөдү. Ошондой эле алардын чек арадагы жаңжал тууралуу үн катпай турушун сынга алды.