Кытай бийлиги 2 жаштагы аракеч баланын тагдырына кийлигишүүнү чечти

Кытайдагы Аньхой провинциясындагы жергиликтүү бийлик 2 жаштагы аракеч баланын тагдырына кийлигишүүнү чечти. Бул тууралуу 25-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 2 жаштагы Чэн Чэн аттуу баланын ата-энеси баласын кичинекей кезинде алкоголь ичимдигине көндүрүп коюшкан. Жергиликтүү ММКларда талкууга алынган кырдаалды иликтөө үчүн медициналык жана социалдык кызматкерлерге тийиштүү тапшырма берилди.

Чэн Чэн 10 айлык кезинде ыйлай бергендиктен, атасы баласына шарап ичирип көргөн. Баланын ыйы токтоп калганын көргөн ата-энеси ага алкоголь берип турушкан.  

2 жаштагы бала учурда бир бөтөлкө сыраны бир канча мүнөттө түгөтүп коё алат. Ата-энеси ичимдикти сүт жана шире менен алмаштырууга аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. Баланын туугандары ыйлаганын токтото албай ичимдик берүүгө туура келгенин айтып чыгышкан. Андан спирт ичимдиктерин катып койгону менен, конок келгенде таап ичип алып турганын билдиришкен. 

Бул көйгөйгө бийлик өкүлдөрү кийлигишкенден кийин туугандары балага алкоголь бербей койгондугун айтышкан. Медициналык кызматкерлер "баланын ички органдарына зыян келиши мүмкүн" деген пикирди айтышканы менен, текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялаша элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Danel
2014-06-26 13:49:18
Шумдугун кургур десе,,
0
tolkun85
2014-06-26 14:06:27
Ата- энесин соттош керек!!! же болбосо атыш керек!!!
+1
antiwithin14
2014-06-26 14:41:38
Соттоп же атып салса эле маселе чечилип калбайт да. Баланы канткенде алкогольдон алыстатуу керек?ошол маселени адистер менен дагы да аракеттенип чечуу керек.
+2
aidai89
2014-06-26 17:57:58
ооба адистер менен кенешиш керек
0
sumaia.kg.kg
2014-06-26 18:07:57
дарылаш керек баланы ата энесин атып олтургондон пайда чыкпайт.
0
insap
2014-06-26 19:27:10
Vy-bvlolvk iqimdik madaniyatynda alkogoldordu uluular menen kiqvvlor birdey ele tamak katary koldonup jvrvxkon han ulutunun atuuldary vqvn bul abal normal ele bolso kerek. ne bolsoda, aram jakkanynanby iqimdikten mert bolgon insandar bul uluttan seyrek gana jolugat. a biz __ tvrk uluttaru iqimdikke bash-otubuz menen kirixip kalganda ele bashybyzga baykabai balaa vygon'go otobvz.
0
WINNER
2014-06-26 21:18:46
Ата-Энесида алкаштарго дейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан