Японияда жаңылык окуй турган дүйнөдөгү алгачкы робот-диктор пайда болду

Токиодогу Илим жана технология улуттук музейинде Осака университетинин профессору Хиросу Исигуро тарабынан иштелип чыккан 3 робот-андроид көрсөтүлдү. Кейпи кадимки адамды элестеткен бул роботторду жасоо үчүн атайын силикон жана жасалма булчуңдар колдонулган. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, биринчи робот отонароид деп аталат. Кыргызча "улуу андроид" дегенди түшүндүрөт. Улуу айымдай көрүнгөн бул робот суроолорго жооп берет, кайсы бир темада бирөөлөр менен маектеше да алат. Мындан сырткары илимий консультанттын милдетин аткара алат. Экинчи робот кодомороид, тагыраак айтканда, жаш андроид деп аталат. Жаш кыздын кейпиндеги бул робот ар кайсы тилде жаңылыктарды тааныштыра алат. Бул мындай милдетти аткарган дүйнөдөгү эң алгачкы техника болуп саналат. Маалыматта анын учурда музейге келген көрүүчүлөрдү ар кайсы жаңылыктар менен тааныштырып жаткандыгы айтылат. 
Ал эми үчүнчү робот теленоид деп аталат. Ал көлөмү боюнча кичинекей ымыркайды элестет.
Японияда биринчи диктор-робот жасалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mashirapovna
2014-06-26 15:30:27
Адам баласынын колунан эмнелергана келбейт.
0
Asus77
2014-06-28 19:44:08
Mashirapovna, Ошол колубуздан келип жаткан нерселер Аллах Тааланын каалоосу менен болуп жатканын унутпайлы. Биз пенделердин колунан эч нерсе келбейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан