Бүгүн, 26-июнда Бишкекте “Жаңы муун” коалициясынын төрагасы Тимур Саралаев жана анын мүчөсү Аскарбек Мамытов челекке салынган кытай вазелинин КРнын Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине белекке берүү максатында тынчтык акциясына чыгышты.
Алардын айтымында, аталган министрлик өзүнүн функциясын так аткарбай жатат.
“Биз айла кеткенинен ушундай кадамга бардык. Анткени вазелин өтө орой нерсе. Өзүңөр колдоно бергиле деп бергени жатабыз. Буга чейин биз Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине жана башка тийиштүү органдарга миграция маселесине өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылганбыз. Тилекке каршы, 4 жылдан бери жыйынтыктуу жооп берилбей келет. Кыргызстандагы эмгек мигранттарына 12 900 квота берилген деп жүрөт, алардын 80 пайыздан ашууну кытайлык жарандар. Бирок бул расмий маалымат боюнча гана. Анткени бул көрсөткүч андан да көп. Азыркы учурда алар коомчулукка башка маалымат берип, өзүлөрү башка саясат жүргүзүп жатышат. Ошондуктан миграция өкүлдөрү жоопкерчиликти сезсин деп тынчтык акциясын уюштуруп жатабыз. Көптөгөн ишканалардын басымдуу бөлүгүндө чет өлкөлүктөр иштешет. Бизди өкүндүргөн нерсе, алардын айлыктары да көбүрөөк. Мисалы, Нарында альтернативдик жол салынып жатат. Ал жерде да көбүнчө кытайлыктар иштеп жатышат. Биздин оюбуз боюнча, комплекстүү миграция тармагына оптималдаштыруу саясатын жүргүзүү керек. Мыйзамдарды өзгөртүү зарыл. Биздин талабыбыз: 2015-жылга берилип жаткан квоталардын санын кыскартышсын. Анткени өлкөдө жумушсуздар көп. Бул маселе улутчулдукка алып келбейт. Биз кыргыздар деген жокпуз, кыргызстандыктар деп жатабыз”,- деп билдирди Тимур Саралаев.
Кошумчалай кетсек, тынчтык акциясы саат 11:30да башталган. Ал эми активисттердин талаптарын угуу үчүн министрликтен эч ким чыккан жок. Вазелин салынган челекти аталган министрликтин алдына таштап кетишерин айтышты активисттер.