Бостон шаарында өтүп жаткан концерт учурунда 80ден ашык өспүрүм алкоголдук ичимдикке жана баңгизатка ууланды

25-июнда Бостон шаарында ди-джей Авичинин концертинде 16-18 жаштагы 80ден ашык балдар-кыздар алкоголдук ичимдикке жана баңгизатка ууланышты. Алардын 36сы ооруканага жаткырылса, 50сүнө өз жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Уулангандардын арасында бир жаш бала бар. Концерт өтүп жаткан жерге 7 "Тез жардам" унаасы келген. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, концерт ачык асман алдында өтмөк. Бирок белгисиз себептерден улам уюштуруучулар акыркы мүнөттөрдө имараттын ичинде өткөрүүнү чечишкен. 

Айта кетсек, Авичи дүйнөдөгү эң көп акча төлөнүүчү ди-джей катары белгилүү. "Forbes" журналынын маалыматына таянсак, анын жылдык кирешеси 20 миллион доллар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан