Бишкектин көчөлөрүндө талапка жооп бербеген 48 жарнама тактасы алынды

Бишкектин көчөлөрүндө илинип турган көрнөк-жарнактардын 48 даанасы мыйзамсыз тургандыгы үчүн мэрия тарабынан алынып салынды. Бишкек мэриясынын 2008-жылдын 8-августунда чыгарган “Бишкек шаарынын көркөмдүк жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомуна жана 2009-жылдын 16-мартында чыгарылган “Сырткы жарнамаларды коюуга уруксат алуу тууралуу мораторий жарыялоо”, ошондой эле “Жарнама” мыйзамына ылайык, мэриянын Жарнама департаменти “Тазалык” ишканасы менен биргеликте 15-январда шаар ичинде рейд жүргүздү. Иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы талаптарга жооп бербеген Медеров, Юнусалиев, Осмонкул, Жибек Жолу жана Элебесов көчөлөрүнөн жалпы 48 жарнама алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан