“АКШнын аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетиши менен Кыргызстан баңгизат маселеси боюнча бардык күтүлбөстүктөргө даяр болушу керек”,- деди бүгүн, 26-июнда маалымат жыйынында КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча кызматынын башчысы Тимур Исаков.
Анын айтымында, адистер бул маселеге көз караштары боюнча эки тарапка бөлүнүүдө. “Биринчилер “АКШнын аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетиши менен Кыргызстанга баңгизат көп келе баштайт” дешет. Экинчилер болсо “эч нерсе болбойт” дешет. Менин оюмча, эч кандай жакшылык күтүлбөйт. Бирок канчалык курчуп кетери белгисиз. Бардык күтүлбөстүккө даяр болушубуз керек”,- деди ал.