Бишкектин Киев көчөсүндөгү жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери бир айга созулат. Ал 18-июндан 18-июлга чейин жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Киев көчөсүндөгү жол кыймылы Исанов көчөсүнөн баштап Керимбеков көчөсүнө чейин жабылды. Учурда жол казылып, жылуулук түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
“Жабылган жолдун узундугу 150 метрге чукул. Жылуулук түйүндөрүндөгү реконструкциялоо иштери аяктаган соң, “Бишкек-Парк” жоопкерчилиги чектелген коому толук кандуу калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилет”,- деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.